ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 15/III-28
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө акча каражатын которуу жөнүндө
Ысык-Ата айыл өкмөтүнө кеңсе товарларын кошумча алуу үчүн Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө акча каражатын которуу максатында Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин ЖКХ бөлүмүнөн 2215 беренесинен АУП бөлүмүнүн 2222 беренесине 16,0 (он алты миң) сом акча каражатын которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |