ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 17/III-28
Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын жылдык планын бекитип берүү жөнүндө
Күн тартибинин жетинчи маселеси боюнча жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаев “Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга” жылдык планынын долбоору менен тааныштырды. Долбоору жактырылды жана күн тартибинин жетинчи маселесин Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары
карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын жылдык планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Жүндүбаевке жүктөлсүн.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын жылдык планына “Карагай-Булак айылынын Бүркүттөн –Бөксөгө чейинки жайыт жолун оңдоо” иш-чарасы кошулсун.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |