Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ысык-Ата айылдык кеңешинин 28-чакырылган кезектеги III (үчүнчү) сессиясы

2021-жылдын 19-августу № 19/III-28

Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылында жайгашкан К.Багдат кѳчѳсүнүн магазин салууга бөлүнгөн жер тилкесин АЗС куруу үчүн ген.планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылынын №434 контурда жайгашкан жалпы аянты 1,4 га болгон, К.Багдат кѳчѳсүнүн магазин салууга бөлүнгөн жер тилкесин АЗС куруу үчүн ген.планына өзгөртүү киргизүү” жөнүндө маселени карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы “Калктуу конуштардын аймагын кеңейтүү үчүн жер берүү жѳнүндѳ” №612 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Алмалуу айылынын К.Багдат кѳчѳсүнүн магазин салууга бөлүнгөн жер тилкесин АЗС куруу үчүн ген.планына өзгөртүү киргизилсин.

2. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды өзгөртүү боюнча макулдашуу жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

 Ж.Бейшекеев