Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-июлу № 02
Жер участогун трансформациялоо жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жер участогун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 9-беренесин жетекчиликке алып. 2022-жылдын 26-февралындагы кабыл алынган 9-сессиясындагы № 9 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө каралган маселени талкуулап тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан “ 279-243 контурундагы 2.0(эки) га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жер түрүнөн “Өнөр жайы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. 2022-жылдын 26-февралындагы кезектеги 9-сессиясында кабыл алынган № 9 токтомундагы № 241-243-контурдагы жер аянты суу баскан аянт болгондуктан, трансформациялоо аянты № 279-контурдан 0.20га. 243-контурдан 1,80 га жалпысы 2,0га болуп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Мотуев |