БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылыштагы айылдык кеңештин VII сессиясы
2021-жылдын 15-октябры № 19
Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасы Н.И.Акматалиевдин ыйгарым укуктарын токтото туруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Биринчи Май айылдык кеңешинин сессиясын шайлоо мөөнөтүнө, -
ЧЕЧИМ:
1. Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасы Н.И.Акматалиевдин ыйгарым укуктары токтотулсун 2021-жылдын 15-октябрынан 28-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилине.
2. 2021-жылдын 15-октябрынан 28-ноябрына чейин Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткаруу Биринчи Май айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.С.Айдралиевге жүктөлсүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилине.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтсүн.
Айыл кеңештин төрагасы | Н.И. Акматалиев |