Редакцияот 26.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 26-февралы № 09

Жер участогунун трансформациялоо жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 11-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жер участогунун которуу” (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамыны 9-беренесин жетекчиликке алып, каралган маселени талкуулап тактап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Оро айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан № 241-243 контурундагы 2,0 га аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт жер түрүнөн “Өнөр жайы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Дж.Айтпаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Мотуев