Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакыруунун 7 кезектүү сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 44
"Жерди убактылуу пайдаланууга берүү үчүн аукциондорду жана тендерлерди өткөрүүдө баштапкы бааларды бекитүү жөнүндө"
Айылдык кеңештин кезектеги сессиясында айыл чарба жана жерге жайгаштыруу адиси Маратбек уулу Нурбектин аукциондун баштапкы бааларын жана жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү боюнча сынактарды бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Жерди убактылуу пайдаланууга берүү үчүн аукциондорду жана тендерлерди өткөрүүдө баштапкы баасы бекитилсин;
- 1 га сугат жердин наркы 5000 сом;
- 1 га кайрак жердин наркы 1000 сом;
- 1 га көп жылдык өсүмдүктөрдүн наркы 1000 сом;
- 1 га башка багыттагы жерлердин наркы 2500 сом;
- 1 га короо алдындагы жер тилкеси – 5 сом;
- 1 м.кв. жер, комерциялык багытта – 150 сом.
2. Конкурсту өткөрүүдө катышуучуларга бирдей талап коюлуп, өткөрүлүп жаткан аукциондун кадамы так сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Төраганын орун басары | Т.Касымбеков |