Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакыруунун 8 кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-октябры № 46
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү суу менен камсыз кылуу кызматтарына кошууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) менен Гавриловка айыл өкмөтү менен "Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү суу менен камсыз кылуу кызматтарына кошуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү суу менен камсыздоо тутумуна кошуу боюнча планды ишке ашыруу" жөнүндөгү 24-беренесинин негизинде, ошондой эле Гавриловка айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясынын 15.10.2020-жылдагы № 5/1 протоколунун, жана турак-жай жана турмуш-тиричилик шарттары жөнүндөгү актардын негизинде,
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 174,5 миң сом суммасында Шалта айылындагы үй чарбаларынын 30% эсебинен 80 шт. суу эсептегич сатып алууга акча каражат бөлүнсүн.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиянын 2020-жылдын 15 октябрындагы №5/1 протоколунун негизинде Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 284 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү таза суу менен камсыз кылуу тутумуна бекер кошуу үчүн 164,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 28 аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү суу менен камсыздоо тутумуна кошуу иштери 2021-жылдын экинчи кварталында жүргүзүлөт.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Д.Касымбеков |