Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакыруунун 7 кезектүү сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 48
“Малдын жана үй канаттуулардын санын эсепке алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы №617 токтомуна ылайык малдын жана үй канаттууларды 2021 жылга эсепке алуу жөнүндө каржы экономика бөлүм башчысы Ж.Карымшакованын маалыматын угуп жана талкуулап Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдардын жана үй-канаттуулардын бир жолку эсепке алуу, милдеттүү турдө кыдыруу жана ар бир түтүнгө 25 сом өлчөмүндө айлык акы каралсын
2. Баардыгы 70000 (жетимиш миң) сом бөлүнүнсүн
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становко жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Касымбеков |