Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 22-декабры № 26/IV-28

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин жер жана аграрадык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын «Кочкорбаев айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планын бекитүү жөнүндө» корутундусун угуп жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кочкорбаев айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун перспективдүү планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Жооптуу катчыга бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүү милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Керимкуловго тапшырылсын.

 

Төрага

Э.Койчукеев