КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 29/IV-28
Инвестицияларды алуу боюнча демилгелүү жана мониторинг тобун түзүү жана бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ч.Бейшекееванын “2021-жылга карата төмөндөгү 2 долбоор боюнча демилгелүү жана мониторинг тобун түзүү:
Долбоор 1. «Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагынын жаңы конушунун көчөлөрүн бойлото 0,4 кВ тышкы электр тармактарын уюштуруу»;
Долбоор 2. “Жолдорду асфальттоо” жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап:
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү 2 долбоорго демилгелүү жана мониторинг топтору бекитилсин:
1. «Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагынын жаңы конушунун көчөлөрүн бойлото 0,4 кВ тышкы электр тармактарын иретке келтирүү»; 2. «Жолдорду асфальттоо»:
Демилгелүү топтун курамы:
1. Казабаев Б.Ж. – жайыт комитетинин председатели
2. Ниязов К.- айылдык активист
3. Курманалиева А.Б. - айылдык активист.
Мониторинг тобунун курамы:
1. Коонбаев Б.Т. – муниципалдык ишканынын директору
2. Чуйтиев А.З. - айылдык активист
3. Айткулов А.- айылдык активист
4. Бейшекеева Ч.Д. - айыл өкмөтүнүн башкы адиси
5. Кочконбаева А.К. – айылдык кеңештин депутаты
Төрага | Э.Койчукеев |