КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-декабры № 30/IV-28
Инвестиция алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоого өздүк каражаттарды бекитүү жөнүндө
Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Т.Токсобаевдын 2021-жылга карат “Чүй облусун өнүктүрүү фондуна” төмөндөгү 2 долбоор өткөрүлүп жаткандыгын:
Долбоор 1. «Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл аймагынын жаңы конушунун көчөлөрүн бойлото 0,4 кВ тышкы электр тармактарын уюштуруу»;
Долбоор 2. “Жолдорду асфальттоо” жана бул инвестицияларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо максатында 5% пайыздык төгүмдөрдү бекитүү зарыл экендиги жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү ар бир долбоорго кошо каржылоо үчүн жалпы наркынан 5% жергиликтүү бюджеттин салымы бекитилсин:
1. «Кочкорбаев айыл аймагынын жаңы конушуна 0,4 кВ тышкы электр тармактарын уюштуруу;
2. Кочкорбаев айыл аймагынын жаңы конушунун “Жолдорун асфальттоо”.
Төрага | Э.Койчукеев |