САЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Саз айылдык кеңештин XХYIII – чакырылышынын 3-сессиясы
2021-жылдын 6-декабры № 5
Саз айыл өкмөтүнүн Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттодон өткөрүү жөнүндө
Саз айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясында талкуулап, колго салып Саз айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Саз айылдык аймагынын” Саз айыл өкмөтүнүн” Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилсин.
2. Саз айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. 2018-жылдын 1-июнунда бекитилип кабыл алынган Устав күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Айдарбек Кубанычбекович Жумашалиевке жүктөлсүн.
Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы,мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жактан кайра катоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | Т.Сагыналиев |