ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VII кезектеги сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 22/7-28
№ 375 контурдан жер участогун трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
«Джет Ски» ЖЧКсынын директору - Б.Т.Рыспаевдин «Жалпы аянты 0,95229 га № 375 контурдан жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» арызын карап чыгып жана Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси - Т.Н.Темиркановдун, Орловка шаардык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы- Б.М.Шакировдун кайрылуусун талкуулап, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 375 контур топографиялык долбоордук маалыматтарга ылайык төмөнкү жер участокторун трансформациялоого макулдук берилсин:
1. Унаа токтотуучу жай – 0,4280 га;
2. Касса – 0,1195 га;
3. Асма жол, тундургуч - 0,2290 га;
4. Асма жол, тундургуч - 0,05909 га;
5. Асма жол, тундургуч - 0,1167 га.
Жалпы аянты 0,95229 га, айыл чарба жерлеринен тартып өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына чейин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |