НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-июну № 10/IV-28
Суу мунарасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18,31-беренелеринин негизинде Кыргыз Республмкасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-п.ылайык, ошондой эле айылдын жашочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн Ново-Покровка айыл аймагынын суу мунарасын имаратын жанындагы жер тилкеси менен баланска алуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айылынын ЧЧК жээгиндеги Набережная көчөсү № жок дарегинде жайгашкан суу мунарасынын имараты жалпы аянты 408,0 ч.м. жер тилкеси менен муниципалдык менчикке алынып, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына коюлушуна макулдук берилсин.
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго:
- Ново-Покровка айылынын ЧЧК жээгиндеги Набережная көчөсү № жок дарегинде жайгашкан суу мунарасынын имараты жалпы аянты 408,0 ч.м. жер тилкеси менен Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын жана муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Турдиев |