Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-июну № 14/IV-28
Тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифин жогорулатуу жөнүндө
Жеке ишкер А.Абдылдаевдин тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифин жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир короодон айына 160 сомдон тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү тарифи бекитилсин.( 160 кг салмактагы тиричилик калдыктары боюнча (4 мүшөк), эгерде көлөмү ашып кетсе, анда турак үйдүн ээси жана жеке ишкер А.Абдылдаевдин өз ара макулдашуусу менен алынат.
2. График боюнча таштанды чыгаруу жума сайын.
3. Кварталдык комитеттерге жеке ишкер А.Абдылдаевдин иш алпаруусуна колдоо көрсөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Турдиев |