НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-сентябры № 16/V-28
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын эсептөө үчүн экономикалык-пландалуучу зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-п. «Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларына» ылайык, Ново-Покровка айыл аймагынын киреше бюджетин жогорулатуу максатында,
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зоналык коэффициент бекитилсин:
- Ново-Покровка айылы –1,2
- Сары-Жон айылы –1,2
- Ленинское айылы –1,2
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-эсеп бөлүмүнө калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын чогултууда аткарууга кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Турдиев |