Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 9/4-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 2021-жылдын үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен бюджеттик ассигнованиелеринин жылдырууларын өткөрүүгө макулдук берүү жɵнүндɵ
Токмок ш. мэри У.О.Самаевдин 2021-жылдын 10-сентябрындагы №1288/1-4 жана 2021-жылдын 16-сентябрындагы №1324/1-4 кайрылууларын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын бюджеттик ассигнованиелеринин үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен “Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренесинен (учурдагы жолдорду оңдоого) - 1123,4 миң сом жана “Имараттар жана курулуштар” 3111 беренесинен (Жантаев көчөсүнө жарыктандыруу орнотууга) - 2300,0 миң сом, (светофорлор обьектилерин капиталдык оңдоого) -1272,1 миң сом жана (жолдорду капиталдык оңдоого) - 574,5 миң сом төмөнкү жумуштардын түрлөрүнө жылдырууларды өткөрүүгө макулдук берилсин:
-“Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 2221 беренеси:
-№7 орто мектебинин чатырын оңдоого 520,0 миң сом суммасында;
-№6 орто мектебинин чатырын оңдоого 170,0 миң сом суммасында.
-“Имараттар жана курулуштар” 3111 беренеси:
-жаңы курулган бейтапкананын имаратынын аймагын жакшыртууга 3000,0 миң сом суммасында;
-“Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренеси:
-мэриянын имаратына видеокамераларын ортнотууга 180,0 миң сом суммасында;
-№4 бала-бакчага жылытуу казанын алууга жана орнотууга 1400,0 миң сом суммасында.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |