Загрузка документа…
Курама айылдык кеңешинин “1”апрель 2026-жылдагы № 24 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1а
Курама айылдык кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жана 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 01-24/65 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Айылдык кеңештин Типтүү регламентин бекитүү тууралуу” буйругунун негизинде Курама айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айылдык кеңештин регламентин тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге каттоо үчүн Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмчөсүнө жиберилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |