Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү II сессиясы

2021-жылдын 11-июну № 4

Курама айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 1-чи жана 3-чү пункттарынын негизинде жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-январдагы №3 Токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү жобосуна” ылайык Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июндагы “Курама айылдык кеңешинин депутаттарынын айыл өкмөттүн башчысын шайлоодо добуш берүү жыйынтыгы жөнүндөгү” Протоколу бекитилсин.

2. Курама айылдык кеңешинин депутаттарынын добуш берүү жыйынтыгынын негизинде Узакбаев Нурлан Мансурович Курама айыл өкмөттүн башчысы болуп шайлансын.

3. Ушул токтом Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев