КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 14-июну № 5
2022-2024-жылдарга Курама айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга бюджеттик резолюциясы жана 2022-2024-жылдарга карата көрүнүшү жөнүндө” токтомуна ылайык Курама айыл өкмөтүнүн эсеп кысап бөлүмүнүн башчысы Э.М. Машланованын 2022-2024-жылдарга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу туралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолу жактырылсын (тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин туруктуу бюджеттик комиссиясынын төрагасы Д.М.Манамкуловко жүктөлсүн.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |