КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 8
“Курама Суу” муниципалдык ишкананын 2021-жылдын 1-чи жарым жылдык ичинде аткарылган иштер боюнча отчету жана сууга жаңы тариф кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык жана “Курама Суу” муниципалдык ишкананын директору А.Д.Джекшеновдун маалыматтын угуп, талкуулап жана суу системасынын иштөөсүн камсыздоо үчүн Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Курама Суу” муниципалдык ишкананын директору А.Д.Джекшеновдун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы ичинде аткарылган иштер боюнча отчету эске алынсын
2. “Курама-Суу” муниципалдык ишканын 2021-жылдын 1-чи жарым жылдыкта жүргүзүлгөн иш аракети канааттандыраарлык эмес деп табылсын.
3. 2021-жылдын 1-августунан баштап Курама айыл аймагында таза суу менен камсыз кылуу кызмат тарифин, суу эсептегичтердин негизинде 25 сом/м³ бекитилсин.
4. Карызы бар абоненттерди 2 айга чейин суу системасынан өчүрүлсүн.
5. Кайрадан сууга кошулуу кызматын 300 сом орнотулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.
Төрага | Р.Р. Мамбеталиев |