КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 12
Эфиронос айылынын генералдык планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана генпланды бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөттүн жеке менчик турак жай боюнча адиси А.Дуйшеновдун “Эфиронос айылынын генералдык планына түзөтүү киргизүү жана Эфиронос айылынын генералдык планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттар кийинкилерди белгилешти: 2014-жылдын 14-августа Курама айылдык кеңештин 6 чакырылышынын XII кезексиз сессиясында «Курама айыл округундагы Орто-Арык жана Эфиронос айылдарынын генералдык пландарын бекитүү жөнүндө” № 8 токтому кабыл алынган. Эфиронос айылындагы мурунку эфир-май чыгаруучу заводдун имараты урап, бузулуп калган. Заводдун имараты жайгашкан жерди генплан боюнча жеке менчик турак жай тургузууга жер участокторго бөлүнгөн. Завод жайгашкан аймак ээси жок болгондуктан Эфиронос айылынын генералдык планынан алынып салынган. Эфиронос айылынын генералдык планына түзөтүү киргизүү жана мурунку эфир-май чыгаруучу завод жайгашкан аймакты пландан чыгарып, ал жерге социалдык объект куруу пландаштырылганы айтылган.
Жогоруда айтылгандын негизинде Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурунку эфир-май чыгаруучу завод жайгашкан аймактан тышкары Эфиронос айылынын генералдык планына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Эфиронос айылынын түзөтүлгөн генералдык планы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо жер маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Курама айылдык кеңештин төрагасы |
Р.Р. Мамбеталиев |