ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ПРОТОКОЛ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо
2021-жылдын 14-июлу № 2
2021-жылдын 14-июлундагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын
№ 2 ПРОТОКОЛУ :
Заседаниеге катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:
1. Дыйканов Салмоорбек Аширбекович,
2. Беделова Турнакан Апиевна,
3. Райымкулов Марс Камчыбекович
Күн тартибиндеги каралуучу маселе :
1. Депутаттардын Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүү жөнүндө.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө төмөндөгүдөй иш бөлүштүрүрүлдү.
1. Дыйканов Салмоорбек Аширбекович - комиссия төрагасы, жалпы жетекчилик кылат.
2. Беделова Турнакан Апиевна - катчысы, кабиналарга жана яшикке добуш берүүлөрдү жалпы көзөмөлдөйт.
3. Райымкулов Марс Камчыбекович - мүчөсү, шайлоо бюллетендерин берилишине көзөмөлдүк кылат, яшикке шайлоо бюллетендерин туура салышын байкайт, шайлоо бюллетенин таркатат, шайлоочулардын кабиналарга барып туура кыймыл аракет жүргүзүүлөрүн байкап турат.
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын өз ара иш бөлүштүрүү боюнча № 2 протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниесинен суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы:- | С.Дыйканов |
Эсептөө комиссиясынын катчысы:- | Т.Беделова |
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү:- | М.Райымкулов |