Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги II сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 14-июлу № 2/3
2021-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы көрүлүп жаткан аракеттер боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспекторлорунун жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө Кара-Кулжа РИИБнүн МУУйы Т.Ормонбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талааайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы “Коомдук алдын алуу борборунун” башчысы Ш.Бекиевдин “Коомдук алдын алуу борборунун” 2021-жылдын алты ай ичинде аткарган иштери боюнча эч кандай маалымат бербегендиги жана Кара-Кулжа РИИБнүн МУУйы Т.Ормонбековдун айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюучу чаралар боюнча 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы ”Коомдук алдын алуу борборунун”ишин жандандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүү, комиссия мүчөлөрү менен коомчулуктун байланышын арттыруу аркылуу мал уурулукка бөгөт коюу, өспүрүмдөр арасында катталуучу кылмыштарды алдын алуу, соода түйүндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин, тамеки заттарын сатууга тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ш.Бекиевге, Кара-Кулжа РИИБнүн МУУйлары Т.Ормонбековго, Курманбек уулу Байышка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадамбаева |