ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги II сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 14-июлу № 2/4
Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн 2021-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн 2021-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө бөлүмдүн кызматкери Н.Тентикеевдин маалыматын, айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөдө Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн 2021-жылдын алты айынын ичинде жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагында жашаган калкты пенсия, пособие жана маалыматтар менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, пенсия , пособияларды мөөнөтүнөн кечиктирбестен үйлөрүнө жеткирүү, калкка маалыматтарды ыкчам жеткирүү, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу Санарип-Аймак программасынын алкагында төлөм каражаттарын төлөм терминалдары аркылуу кабыл алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жагы Ылай-Талаа айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы А.Мусаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадамбаева |