Редакцияот 14.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги II сессиясынын жыйналышынын

2021-жылдын 14-июлу № 2/5

Ылай-Талаа айылындагы № 3 бөлүмүнүн аймагында жайгашкан Ой-Кум көчөсүнө (маркум) Көкөев Манастын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылындагы № 3 бөлүмүнүн аймагында жайгашкан Ой-Кум көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2021-жылдын 20-июнундагы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айылындагы № 3 бөлүмүнүн аймагында жайгашкан Ой-Кум көчөсүнө Көкөев Манастын ысымы ыйгарылсын.

 

2. Көкөев Манастын ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Көкөев Кеңеш Манасовичке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Кадамбаева