ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз II сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 19-августу № 2/1
Жайыт багытындагы жерлерди пайдалануу, сырттан келген малдардын эсебин алуу, жайыт билеттерин берүү менен жайыт акысын чогултуу жана жайлоонун жолдорун оңдоодо Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдын ушул мезгилге чейинки жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей туура бөлүштүрүү, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү, сырттан келген малдын башын тактап алардан салык өндүрүү жана жайлоого көчүп-конуу, көчүп келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, малдын башын тактап эсепке алуу, долбоор аркылуу келген атайын техникаларды ижаралык келишимдин негизинде эффективдүү пайдалануу жана аларды иштетүүдөн түшкөн акчанын тиешелүү бөлүгүн бюджетке түшүрүү, 2021-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадамбаева |