ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз II сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 19-августу № 2/1.1
Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Токтомушевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы бекитилген бюджетине кошумча киреше кошулгандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
(тиркеме тиркелет)
2. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджеттик планына киргизип берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө тиешелүү документтерди даярдап Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө тапшыруу жагы Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсепчиси М.Аманкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Кадамбаева |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 19.08.2021-жылдагы № 2/1.1 токтомуна тиркеме |
2021-жылдын бюджетине төмөндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү
№ | Кириштин аталышы | Сумма | Анын ичинен квартал | |||
I | II | III | IV | |||
1 | ОсОО “Терро” компаниясы | 37500 | - | 7500 | 22500 | 7500 |
|
|
|
|
|
|
|
Чыгашанын аталышы | ||||||
2 | Ар түрдүү чыгым | 37500 | - | 7500 | 22500 | 7500 |
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы: |
С.Осмоналиев |