ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХХ сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 4-майы № 20/3
Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы Эски бак көчөсүнө (маркум) Ташматов Акназардын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Эски бак көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2021-жылдын 28-апрелиндеги жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы Эски бак көчөсүнө Ташматов Акназардын ысымы ыйгарылсын.
2. Ташматов Акназардын ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы атасы Ташматов Турдалиге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |