Редакцияот 04.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХХ сессиясынын жыйынынын

2021-жылдын 4-майы № 20/4

Ылай-Талаа айылынындагы № 6 Ылай-Талаа айылдык китепканасына көп жылдар агартуу тармагында эмгектенген журналист, прозаик жазуучу (маркум) Абдраев Султандын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айылындагы № 6 Ылай-Талаа айылдык китепканасынын башчысы А.Маткадырованын билдирүүсүн карап чыгып айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айылынындагы № 6 Ылай-Талаа айылдык китепканасына Абдраев Султандын ысымы ыйгарылсын.

2. Абдраев Султандын ысымы ыйгарылган китепканага аталышын жаздырып, китеп фондусун көбөйтүү үчүн каржылык маселесине көмөктөшүүү менен бирге ремонт иштерине демөөрчүлүк аракеттерди дайыма жүргүзүп туруу жагы уулу Абдраев Чыракбек Султановичке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Жолдошов