ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезексиз ХХI сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 12-майы № 21/1
Жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) уюштуруу сессиясын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” Мыйзамынын 28-беренесинин 3,4-пункттарына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) уюштуруу сессиясын чакыруу боюнча депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңыдан шайланган депутаттардын Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) I уюштуруу сессиясын өткөрүү 2021-жылдын 18-майына саат 14-00 гө белгиленсин.
2. Сессияны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү, сессия өтө турган залды даярдап камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
3. Сессиянын күн тартибине төмөндөгү маселелер киргизилсин:
- жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) депутаттарынын ыйгарым укуктарын бекитүү,
- жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык кеңешинин регламентин бекитүү,
- уюштуруу маселеси:
а) жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык кеңешинин коомдук башталыштагы төрагасын шайлоо,
б) жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык кеңешинин коомдук башталыштагы төрагасынын орун басарын шайлоо,
в) жаңыдан шайланган Ылай-Талаа айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү жана алардын курамдарын бекитүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырам.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |