ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз I уюштуруу сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 18-майы № 1/3
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүн талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын
- төрагасына № 2 - 8 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунан депутат Дыйканов Салмоорбек Аширбекович,
- катчысына № 3 - 5 мандаттуу Сай шайлоо округунан депутат Райымкулов Марс Камчыбекович,
- мүчөсүнө № 1 - 8 мандаттуу Каманчы шайлоо округунан депутат Кадамбаева Айнура Токтомушевна бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.
3. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин жаш курагы улуу депутаты: |
Э.Исмайылов |