ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз I уюштуруу сессиясынын жыйынынын
2021-жылдын 18-майы № 1/3.2
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколун бекитүү жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын 18-май 2021-жылдагы № 3 протоколун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктарынын 18-май 2021-жылдагы № 3 протоколу бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасына № 2 - 8 мандаттуу Ылай-Талаа шайлоо округунун депутаты Жолдошов Нурбек Жапашович шайлансын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин жаш курагы улуу депутаты: |
Э.Исмайылов |