Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/1
Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2020-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2021-жылга милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын № 50 “Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 31-беренесинин 6-пунктуна, айылдык кеңештин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 3-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2021-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун 2020-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго:
- айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашырууну камсыз кылсын;
- айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;
- санариптештирүүнүн негизинде калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КРӨ токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди “Санарип Аймак” базасы аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,
- балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,
- калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,
- суу пайдалануучулар бирикмесинин (СПА) ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, атайын техника, копатель алууну уюштурсун,
- таштанды таштоого жана Ылай-Талаа айылынын түштүк тарабындагы мүрзөнү кеңейтүүгө жер маселесин чечүүнү камсыз кылсын,
- жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,
- жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, көпүрөлөрдү куруу жана колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |