Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/3
Айыл аймагындагы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана иштетүү боюнча Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылы жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери айрым кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей туура бөлүштүрүү, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү, сырттан келген малдын башын тактап алардан салык өндүрүү жана өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу, долбоор аркылуу келген атайын техникаларды эффективдүү пайдалануу жана аларды иштетүүдөн түшкөн акчанын тиешелүү бөлүгүн бюджетке түшүрүү, 2021-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |