Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/4
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айрым жерлерин ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу” токтомунун 3-бөлүмүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Исаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун төмөндөгү тиркемеде белгиленген контурда жайгашкан жерлерине аукцион аркылуу ижарага берүүдө эч бир жарандан сунуш түшпөгөндүгүнө байланыштуу төлөнүүчү ижара акысынан бошотулсун.
( тиркеме тиркелет )
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |
| Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 25.02.2021- жылдагы № 20/4 токтомуна тиркеме |
Ылай-Талаа айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун ижара акысынан бошотулган жерлеринин жайгашкан контуру боюнча
ТИЗМЕСИ:
№ |
Жайгашкан дареги, аталышы | Жер тилкесинин өлчөмү га менен |
Жайгашкан контуру |
1 | Ак-Колот | 8,0 | 312 |
2 | Ак-Курбу | 29,0 | 466 |
3 | Бел-Башат | 62,0 | 172 |
4 | Сары-Башыл | 25,0 | 358 |
5 | Шамалдуу -Конуш | 17,0 | 466 |
6 | Кичи-Ак-Ой | 4,0 | 479 |
7 | Сары-Ой | 25,0 | 174 |
8 | Кар - Ойдун бети | 3,6 | 362 |
9 | Чоң-Боз-Доң | 20,0 | 297 |
10 | Бакпас Күндө-Көчөр | 6,1 | 457 |
11 | Кара-Чачтын ою | 2,5 | 300 |
12 | Беш-Теректин чуңкуру | 4,2 | 259 |
13 | Караган чуңкур | 25,0 | 312 |
14 | Көк-Жар | 1,6 | 258 |
15 | Түркончу | 1,0 | 336 |
16 | Күндө - Көчөр | 4,0 | 206 |
17 | Суу кирген пор | 5,0 | 337 |
|
|
|
|
| Бардыгы: | 243,0 |
|
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин катчысы: |
С.Осмоналиев |