Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги XX сессиясынын жыйналышынын
2021-жылдын 25-февралы № 20/6
Ылай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин алдындагы “Балазат-2” балдар бакчасына (маркум) Маметов Шакендин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы “Балазат-2” балдар бакчасынын 2021-жылдын 9-февралындагы кезексиз педагогикалык кеңешмесинин № 1 протоколун, Ылай-Талаа айылынын 2-бөлүмүнүн жашоочуларынын 2021-жылдын 21-февралындагы жалпы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылындагы Ө.Абдылдаев атындагы орто мектебинин алдындагы “Балазат-2” балдар бакчасына Маметов Шакендин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомду колдоого алып ал боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлигинен суралсын.
3. Маметов Шакендин ысымы ыйгарылган балдар бакчасынын абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, келечегибиз болгон тарбиялануучуларына, балдар бакчасына демөөрчүлүк иштерин алып баруу жагы уулу Маметов Кулмат Шакеновичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |