Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХIХ сессиясынын жыйынынын
2020-жылдын 25-декабры № 19/2
Ылай-Талаа айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бюджетинин долбоору тууралуу Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовдун маалыматын, Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Ылай-Талаа жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жайыт салыгы ичинде 334 100 сомго бекитилсин.
(тиркеме тиркелет)
Айыл аймагындагы алыскы жана жакынкы жайыттарды эрозияга учурашына жол бербей сарамжалдуу пайдалануу, жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү, жайыт акыларынан чогултуу боюнча кескин чараларды көрүү жана донордук уюмдардан, жеке демөөрчүлөрдөн келип түшкөн акча каражаттарын элдик жыйындарга алып чыгып алар боюнча так маалыматтарды берүү менен максаттуу чыгымдарга жумшоо, 2021-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ибраимовго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |