Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХIХ сессиясынын жыйынынын
2020-жылдын 25-декабры № 19/2.1
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ылай-Талаа айылдык кенешинин депутаттарынын уюштуруу сесиясында жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруу жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында жана Ылай-Талаа айыл аймагындагы айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйынын протоколдорунда көрсөтүлгөн 2021-жылга жайыт пайдалануучулардын мал-жандыктар үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндө токтомун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
- 2021-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөнүнөлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн - 50 сом,
Кой-эчкилер 1 баш үчүн - 10 сом,
Жылкылар 1 баш үчүн - 50 сом
Сырттан келген мал-жандыктар үчүн:
Ийри мүйүздүү 1 баш үчүн - 100 сом,
Кой-эчкилер 1 баш үчүн - 20 сом,
Жылкылар 1 баш үчүн - 100 сом
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө пайдалануу үчүн жайыт участокторунан жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 7500 сом, эсепчисине 6000 сом эмгек акылары бекитилсин.
4. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жайыт жердин аянтты 12 575 га пайдаланган жер аянтка жер салыгы 1 га үчүн 5,30 сомдон коэффициенттен инфляция 1.034 сомдон бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айылдык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Ибраимовго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жер жана жер ресурстары, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |