Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХIХ сессиясынын жыйынынын
2020-жылдын 25-декабры № 19/4
Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына (маркум) Ажибаев Акишбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасынын жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 9-ноябрындагы жыйынынын № 2 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын Каманчы участкасындагы көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына Ажибаев Акишбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Ажибаев Акишбайдын ысымы ыйгарылган ат майданынын абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, электр чубалгыларын тарттырып, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы небереси Токтобай уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |