Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХIХ сессиясынын жыйынынын
2020-жылдын 25-декабры № 19/5
Ылай-Талаа айылынын Кызыл-Суунун боюндагы участкада көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына Акыев Раимбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын № 2, 6 бөлүмдөрүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 20-декабрындагы жыйынынын № 5 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылынын Кызыл-Суунун боюндагы участкада көк бөрү оюнуна ылайыкталган ат майданына Акыев Раимбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Акыев Раимбектин ысымы ыйгарылган ат майданынын абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, электр чубалгыларын тарттырып, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Акыев Жыргалбек Раимбековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |