ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыштагы) кезектеги ХIХ сессиясынын жыйынынын
2020-жылдын 25-декабры № 19/6
Ылай-Талаа айылындагы Четки көчөгө (маркум) Дыйканов Аширбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 сандуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Административдик-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнундо” токтомунун талаптарына ылайык айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Четки көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы жамаатынын 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйынынын № 1 протоколун карап чыгып айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айылындагы Четки көчөгө Дыйканов Аширбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Дыйканов Аширбектин ысымы ыйгарылган көчөнүн абалын талапка ылайык деңгээлде болушун камсыздап, аталышын жаздырып, номерлерин илдирип, түнкү жарыктандыруу маселесин чечип берүү, дайыма көзөмөлдөп туруу жагы уулу Дыйканов Салмоорбек Аширбековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |