Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын
2020-жылдын 29-октябры № 18/6
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун Ылай-Талаа айылдык кеңешинин сессиясына берген сунушун кароо жөнүндө
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жер ресурстарын жөнгө салуу боюнча комиссиясынын төрагасы Ш.Бекиевдин бак алдында турган жерлердин категориясын сугат айдоо жерлерине өзгөртүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап бак алдында турган жерлердин өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун сунушун кабыл алуу менен Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун бак алдында турган жерлердин өлчөмүнө өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. Айыл аймагындагы 6,0 (алты) га бак алдындагы жер сугат айдоо жерине өзгөртүлүп бекитилсин.
3. Бак алдында турган жерлерге өзгөртүлгөн аянттардын негизинде салык чегерүү жагы айыл өкмотүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |