Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VI чакырылыш) кезектеги ХVIII сессиясынын
2020-жылдын 29-октябры № 18/7
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджетинен Сай айылындагы Мариш Баатыров атындагы орто мектебинин имаратынын чатырын жана сырткы шыбагынкапиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31- “Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2- “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сай айылындагы Мариш Баатыров атындагы орто мектебинин имаратынын чатырын жана сырткы шыбагын капиталдык ремонттон өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 524 506 ( беш жүз жыйырма төрт миң беш жүз алты ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы У.Ажимаматов) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Н.Жолдошов |