Редакцияот 30.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин кезексиз ХIX сессиясынын (VI чакырылыш) жыйналышынын

2020-жылдын 30-ноябры № 19/1

Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы 280 үй кожолук тургундарынын 27.11.2020-жылдагы жалпы чогулушунун “Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы үйлөрдү жана үлүш жерлерди селден сактоочу 800м*6м*3м каналды тазалоо”боюнча токтомун бекитип берүү жөнүндө

Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы 280 үй кожолук тургундарынын 27.11.2020-жылдагы жалпы чогулушунун “Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы үйлөрдү жана үлүш жерлерди селден сактоочу 800м*6м*3м каналды тазалоо”боюнча токтомун бекитип берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн турак-жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Б.Коңурбаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай - Талаа айылдык кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы 280 үй кожолук тургундарынын 27.11.2020-жылдагы жалпы чогулушунун “Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы үйлөрдү жана үлүш жерлерди селден сактоочу 800м*6м*3м каналды тазалоо”жөнүндө токтому бекитилсин;

 

2. Ылай-Талаа айылына караштуу Каманчы участкасындагы үйлөрдү жана үлүш жерлерди селден сактоочу 800м*6м*3м каналды тазалоо үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Ылай – Талаа айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н.Жолдошов