Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну № 29
Мал чарбасын өнүктүрүү максатында кашар жана чабан үй куруу боюнча Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашар жана чабан үй куруу үчүн Калба айыл аймагынын административдик чегиндеги “Присельный” участогунун № 1168 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,10 га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которууга (трансформациялоого) макулдук берет.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же, чарба жерлеринин башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жагы жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык жүргүзүлсүн.
3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарын толуктоо, Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо, Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |