Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Калба айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 7 -сессиясы
2022-жылдын 13-июлу № 35
Калба айыл аймагына караштуу Бал-Бал айылындагы стадионду ижарага узак мөөнөткө (убактысы белгиленген) берүү жөнүндө
Калба айыл аймагынын Бал-Бал айылындагы курулуп бүткөн спорт аянтчасына Атагараев Кадырбек Ашымовичтин ысымы Бал-Бал айылынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык жана мамлекеттик менчикте турган жер участоктордун берүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнундө Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасы А.Жапаровдун 2022-ж.24-июнундагы №327 Токтомунун 6-пунктуна ылайык Бал-Бал айылындагы Атагараев Кадырбек Ашымовичтин атындагы спорт аянтчасын 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагынын Бал-Бал айылындагы Атагараев Кадырбек Ашымовичтин атындагы спорт аянтчасын Атагараев Кубан Кадырбековичке 49 жылдык (убактысы белгиленген) мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |