Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 27-январы № 2
Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин кара мал жана кой жылкылары үчүн тарифтерин жана техникаларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин жакынкы жана ортоңку жайыттарга кара мал, кой жана жылкыларды багуу үчүн жана техникаларынын мото саатка тарифтерин бекитүү үчүн кайрылган сунушун угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жакынкы жана ортоңку жайыттарга малдарды багуу үчүн төмөндөгүдөй тарифтер;
Кара мал 185 сом
Жылкы 185 сом
Кой 40 сом өлчөмүндө ар бир мал, жылкы жана койлорго бекитилсин.
2. Эгилген эгиндерди жана чөп чабыктарды мал койлорун карабай жедирип койгон мал жандыктарга;
Кара малга 3000 сом
Жылкыларга 5000 сом
Кой эчкилерге 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынсын.
3. Жайыт комитетинин техникаларына ;
Атайын техника ( Фронтальный погрузчик ) - 1550 сом, МТЗ Белорус 892,2 - 1200 сомдон ар бир мото саатка тарифтер бекитилсин.
4. Алыскы жайытка 15инен 20-майга чейин көчпөгөн жайыт пайдалануучуларга 50000 сом айып пул.
5. Башка айыл өкмөттөн келген мал жандыктарга 3 эсе көп жайыт акы эсептелсин.
6. Жумуш жок убагында фронтальный погрузчикке 12000 сомдон, Белорус 892,2 тракторуна 12000 сомдон ижарага берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин кеңешине тапшырылсын.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |