Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 27-январы № 3
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Долончек Сарай ИСКАКБ бирикмесинин тарифин бекитүү жөнүндө
Сарай айыл өкмөтүнө караштуу “Долончек Сарай” ИСКАКБ бирикмесинин таза сууга болгон абоненттердин төлөмдөрүнүн тарифин жана короосуна уруксатсыз суу түтүктөрүн киргизип алган абоненттерге айып пул салуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Сарай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Долончек Сарай” ИСКАКБ бирикмесинин бардык абоненттери короосунун ичинен таза суу пайдалангандыгы үчүн, бир айга 300 сомдон, бир жылга бир кожолук 3600 (үч миң алты жүз) сом, көчөдөн пайдаланган абоненттер ар ай сайын ар бир суу пайдаланган абонент 30 (отуз) сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин. Тарифтерге өзгөртүү киргизилбесе токтом күчүндө калтырылсын жана антимонополиянын макулдугу жок экендиги белгиленсин.
2. Суу түтүгүн уруксатсыз короосуна киргизүүгө мароторий жарыялансын жана уруксатсыз короосуна суу түтүгүн киргизип алган абоненттерге 10000(он миң) сом айып пул салынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
Э.Арзиев. |